Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү. Сүйлөшүү видео-конференция форматында өттү.

24 Şubat 2022 15:52

Түркиянын Тышкы иштер  министри Мевлүт Чавушоглу иш-сапары менен Казакстанга барган.  Тилекке каршы Казакстанда пцр-тест тапшырганда ковид-19 илдетин жуктуруп алганы аныкталган. Бул туралуу министр твиттер баракчасынан билдирди. 

Чавушоглу ковид-19 илдетин жуктуруп алганына байланыштуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен видео-конференция форматында сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар, бардык тармакта мамилени өнүктүрүүгө макулдашты.

Чавушоглу менен Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди төрагалалык кылган Стратегиялык пландоо тобунун жыйыны да видеоконференция  форматында өттү. 

Чавушоглу, Түркия жана Түрк мамлекеттер уюму Казакстанга колдоо көрсөтүп, ар дайым тилектештикте иш алып бараарын ырастады.

 

Anahtar Kelimeler: Түркия, Казакстан,

Жаңылыктар