30

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү, жакынкы аралыкта, 1 млрд долларга чейин жогорулаарына ишеним артты.

06 Temmuz 2021 23:19

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Суна Чокгүр Ылыжак атындагы искуство галереясында  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөнүн ачылышына Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, дипломаттар жана ардактуу коноктор катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгын биринчи болуп тааныганын белгиледи. Кыргызстан менен Түркия ортосундагы эки тараптуу мамиле жалпы тарых, маданият, тил, дин жана өз ара урматтоого негизделгенин баса белгиледи.

«Албетте, дипломатиялык мамилелерди баштоо жана өнүктүрүү абдан маанилүү. Бирок бул мамилелерди ар башка тармакта тереңдетүү жана бекемдөө алда канча маанилүү. Биз, Кыргызстан менен болгон мамилени ар тараптуу  өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга жасаган иш сапары жана өз ара жетишилген келишимдер өтө маанилүү этап болду»,-деди ал.

Явуз Селим Кыран өз кезегинде Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү, жакынкы аралыкта, 1 млрд долларга чейин жогорулаарына ишеним артты.

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы кызматташтык жогорку стратегиялык макамга ээ

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстанда демократиялык реформаларды жайылтууга, мыйзамдуулукту чыңдоого, адам укуктарын коргоого жана алга жылдырууга багытталган бир катар иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактап, буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди так аткарууда»-деди ал.

Өз кезегинде кыргыз-түрк кызматташтыгына токтолуп, эки эл түбү бир түбөлүктүү элдер экендигин баса белгиледи.

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы кызматташтык жогорку стратегиялык макамга ээ экендигин айтты.

Кыргыз-түрк алакаларын интенсивдүү жана динамикалуу өнүктүрүүгө Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери менен элчиликтери чоң салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу окуяларды, тарыхый жерлерин жана жаратылышын камтыган бул көргөзмөнүн эшиги  13-июлга чейин ачык болот.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия, экономика,

Жаңылыктар