Түркиянын Улуу Улуттук парламентинде Кыргызстандын эгемендигине арналган көргөзмө ачылды

Түркиянын Улуу Улуттук парламентинин вице-спикери Сүррея Сади Билгич: «Кыргызстандын саясий жана социалдык тынчтыгы Түркия үчүн манилүү»

23 Haziran 2021 14:20

Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин имаратында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөнүн ачылышына Түркиянын Улуу Улуттук парламентинин вице-спикери, Парламенттин Маданият жана искусство кеңешинин төрагасы Сүррея Сади Билгич, Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, депутаттар жана парламенттин кызматкерлери катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Түркиянын Улуу Улуттук парламентинин вице-спикери Сүррея Сади Билгич Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын көзкарандысыздыгын биринчи болуп тааныганын эскертти. Кыргызстан менен Түркия ортосундагы эки тараптуу мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, дин жана өз ара урматтоого негизделгенин баса белгиледи. Түрк элинин жүрөгүндө кыргыз элинин өзгөчө орду бар экендигин белгилеп,  Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, Түркия боордош кыргыз элине болгон мүмкүнчүлүгү менен колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын айтты.

«Кыргызстандын саясий жана социалдык тынчтыгы ар дайым Түркиянын артыкчылыктуу багыты болуп келген. Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан эл аралык коомчулуктун кадыр-барктуу жана өзүн-өзү камсыз кылган мүчөсү. Кыргызстандын бул жетишкендиги бизди кубандырат. Түркия менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык саясат, экономика, соода, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маданият, спорт ж.б. тармактарда барган сайын тереңдеп бара жатат. Бул өтө кубанычтуу»,-деди ал.

Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу окуяларды, тарыхый жерлерин жана жаратылышын камтыган бул көргөзмөнүн эшиги  30-июнга чейин ачык болот.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмө, Түркиянын Улуу Улуттук Парламенти,

Жаңылыктар