Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү талкууланды

Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында сөз алган депутаттар Орусия менен Украинанын ортосундагы кризиске баа беришти.

24 Şubat 2022 19:01

ИЙИ партиянын төрага орун басары Мусават Дервишоглу, Орусия баштаган аскердик операциянын Донбасс аймагы менен гана чектелбей турганын белгиледи. Анын айтымында Орусия Беларус чек арасы аркылуу Киевге, түштүктөн Одессага аскердик операция ишке ашырышы мүмкүн. Ошентип Украина чар тарабынан согушка дуушар болуушы ыктымал.

Дервишоглунун айтымында Түркия стратегиялык жана геосаясий кызыкчылыктарын эске алып, ошого жараша кадам ташташы керек. Тышкы саясатта, салтка айланып калгандай эле, өлкөгө түздөн-түз кол салуу болбосо, «активдүү нейтралитет» принцибинин карманышы ири мааниге ээ. Ошондой эле Орусиянын Кара деңиздеги маанилүү киреше булагы болгон «Түрк агымы» жана «Мави агым» жаратылыш газ куурларына кол салуу мүмкүнчүлүгүн кылдаттык менен талдоо керек. Эгер, жаратылыш газ куурларына кол салуу боло турган болсо Түркия жаратылыш газ жаатында олуттуу көйгөйгө дуушар болушу мүмкүн. Андыктан бийлик бул жаатта тез арада керектүү чараларды көрүшү зарыл.

"Украина глобалдык күчтөрдүн пешкасы болбошу керек"

Улуттук Кыймыл партиясынан сөз сүйлөгөн Эркан Акчай АКШ, Евробиримдик баштаган өлкөлөр, ошондой эле ЕККУ жана Бириккен Улуттар Уюму өз милдеттерин аткара алган жок деп билдирди. Алар көйгөйдү чечүүнүн оордуна провокацияга алдырып, кризисти ого бетер тереңдетип жибергенин баса белгиледи. Батыш өлкөлөрү Украина боюнча соодалашып туруп алганын айтып, Украина глобалдык күчтөрдүн пешкасы болбошу керектигине көңүл бурду.

«Батыш Украинаны шахмат тактасы катары көрүүнү токтотуп, кризисти чечүү үчүн конструктивдүү жана конкреттүү кадамдарды жасашы керек», - деди ал.

Акчай өз кезегинде Түркиянын улуттук биримдик жана бүтүндүккө маани берерин айтып, маселенин эл аралык деңгээлде чечилишин жактаарын белгиледи.

Түркия «өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» ураанынын алдында, тынчтыкты жана ырааттуулукту орнотуу үчүн бардык тийиштүү кадамдарды таштарына ишеним артты.

«Парламент жабылбашы керек; эртең да иштеш керек»

ХДП партиясынан сөз сүйлөгөн Мерал Даныш Бешташтын айтымында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Улуу Улуттук  Парламентин процесс боюнча маалыматтандырышы керек эле. Бирок, үч күн өтсө да эч кандай билдирүү боло элек.

Ал баса белгилегендей парламент эртең да өз ишин улантышы керек. Керек болсо дем алыш күндөрү да иштеши зарыл. Парламент согуштун Түркияга тийгизе турган таасирин, анын натыйжаларын жана бул согушту токтотуу жолдорун талкуулашы керек.  

Бешташ өз кезегинде Украина өкмөтүн эки блоктун ортосундагы чыңалууну арттыра турган мамиледен баш тартууга чакырды. Бийликтеги партияны Монтре конвенциясындагы ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин тез арада аткарууга үндөдү. Ошондой эле эл аралык институттарды, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмун жана ЕККУну карапайым калкты коргоо жана гуманитардык трагедиялардын алдын алуу боюнча демилгелерди көтөрүүгө чакырды.

Бардык процессте Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин макулдугун алуу зарыл

Республикачыл элдик партиядан сөз сүйлөгөн Энгин Аталай, Орусиянын Украинага аскерий кийлигишүүсүн кескин айыптады. Түркиянын окуяга карата мамилеси жана чаралары Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин макулдугу менен  аныкталышы керек экендигин айтты.

Ал, Президент Эрдогандын төрагалыгы алдында коопсуздук жыйыны өткөнүн эскертип, өлкө президентин бүгүн кечинде же эртең, парламентти маалыматтандырууга жана кеңешүүгө чакырды.

Украинада 20 миңден ашуун түрк жараны бар экенине көңүл бурду.

Монтре конвенциясынын маанисине токтолуп, бийликти ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин тез арада аткарууга чакырды.

"5 миңге жакын жаран Түркияга кайтып келди"

АК партиянын төрага орун басары Мухаммет Эмин Акбашоглу Кара деңиздин коопсуздугунун Түркия үчүн маанисине токтолду.

Анын айтымында, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы 15 миңден ашуун түрк жараны менен телефон аркылуу байланышып жана СМС жөнөтүп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында маалымат берип, эвакуациялоо боюнча түшүндүрмө берген. Тышкы иштер министрлиги 12-февралда, 22-февралда жана 24-февралда жарандарга керектүү билдирүүлөрдү жасаган. Украинадан Түркияга 5 миңге жакын жаран кайтып келген.

Акбашоглу Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүн кабыл алынгыс деп баалады.

«Бул кол салуу Минск келишимдерин бузуудан тышкары, эл аралык укукту одоно бузуу болуп саналат. Аймактын жана дүйнөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө. Мамлекеттин бүтүндүгү жана эгемендигине ар дайым сый урмат көрсөткөн Түркия чек араларды курал менен өзгөртүүгө каршы»,- деди ал.

Өз кезегинде Орусия Федерациясын адилетсиз жана мыйзамсыз аракетин тез арада токтотууга чакырды.

«Украинанын саясий биримдигин, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоп келгенбиз, мындан ары да колдойбуз»,-деди ал.

Ошол эле учурда Бириккен Улуттар Уюму функционалдык мааниде адамзаттын келечегине, тынчтыгына, бейпилдигине, коопсуздугуна жана жыргалчылыгына салым кошо турган функцияны аткаруусу зарыл экенин айтты.

«Тынчтык мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирилиши керек. Адамзаттын куткарылышы, биздин аймактын жыргалчылыгы, Украина менен Россиянын жыргалчылыгы жагынан бул милдеттүү натыйжага мүмкүн болушунча тезирээк күбө бололу»,- деп белгиледи ал.

 

Жаңылыктар