Түркиянын Ыгдыр шаарында Нооруз майрамы шаңдуу белгиленди

Нооруз майрамына арналган салтанатта түрк дүйнөсүнөн келген өнөр адамдары концерттик программа тартуулады.

21 Mart 2022 13:21

Улустун улуу күнү Нооруз майрамына арналган салтанатты Ыгдыр губернаторлугу, Ыгдыр муниципалитети жана Ыгдыр-Азербайжан маданият үйү уюштурган. 

Иш-чара алкагында Чыгыш Түркстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Ирандан келген өнөр адамдары  концерттик программа тартуулашты. Программаны Африкан Али алып барды.

Иш-чара алкагында салттуу оюндар аткарылып, Нооруз оту жагылды. 

Иш-чаранын катышуучулары жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилешти. 

Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношту.

 

Anahtar Kelimeler: Нооруз, улустун улуу күнү,

Жаңылыктар