14 Ağustos 2021 23:28
Түркмөн аялдарынын салттуу кийими көчмөн турмуштун бардык талаптарына жооп берет. Аялдардын кийимдери негизинен узун жана кенен тигилген көйнөктөрдөн турат.
Түркмөндөрдүн салттуу кийимдери элдин адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсүн чагылдырат.
Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык абалына жараша ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн.
Салттуу түркмөн кийимдеринде төрт негизги түс басымдуулук кылат. Алар: кызыл, кара, сары жана ак.
Түркмөн келиндери кийген “чырпы”, “күрте”, “гынач”, “кетени көйнөк” көркөмдүүлүгү менен айырмаланып, кол өнөрчүлүктүн негизги үлгүлөрү болуп эсептелет.
"Күрте" – бул жаш кыздар үйлөнөөрдө кийүүчү адеми көйнөк. Ал кызыл түстө болот.
Сабырдуулукту, чеберчиликти жана кол эмгекти талап кылган түркмөн улуттук кийимдери оригиналдуулугун жоготпой бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.
Anahtar Kelimeler: Түркмөн аялдарынын салттуу кийими,