Түркмөн элинде зергерчилик

Түркмөн зергер буюмдары көбүнчө күмүш жана асыл таштардан жасалат. Түркмөн эли зергерчилик өнөрдү жогору баалайт.

18 Temmuz 2021 12:35

Түркмөнстанда кол өнөрчүлүк жана зергерчилик өнөрү бүгүнкү күндө да аздектелип келет. Колунан көөрү төгүлгөн усталардын колунан жаралган түркмөн зер буюмдары ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Ар бир буюм түркмөн элинин тарыхын, элдин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн жана руханий дүйнөсүн чагылдырат.

Зергерчилик - атадан балага өтүп келе жаткан улуу өнөр. Анын өкүлдөрү базар экономикасына бардыгынан мурда ыңгайлашкан жана маданиятка туура мамиле кылууда ал кирешелүү болуп, кеңири керектөөнүн үлгүсү болуп саналат.

Түркмөнстандын Улуттук музейинде жана килем музейинде баалуу асыл таштардан жасалган зер буюмдар көргөзмөгө коюлган.  

Anahtar Kelimeler: зергерчилик, Түркмөнстан,

Жаңылыктар