Түркмөн киносу: «Мукамдардын сыры»

«Мукамдардын сыры» тасмасы 1974-жылы Союздук республикалардын кинофестивалында «эң мыкты тасма» сыйлыгына татыган.

22 Nisan 2022 20:51

Түркмөнстандын эл артисти, орус композитору Виктор Успенский жана В.Беляев 4 жыл үзүрлүү эмгектенип, 350дөн ашык түркмөн элдик ырларын жана обондорун камтыган  «Түркмөн музыкасы» аттуу чыгарманы жазышкан. 

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Алты Карлиев аталган чыгарманын негизинде «Мукамдардын сыры» тасмасын тарткан.

Көркөм тасманын сценарийин Худайберди Дурдыев жазган.

Тасмада түркмөн элинин алгачкы аял акыны Каркаранын турмушу баяндалат.

1973-жылы тартылган «Мукамдардын сыры»  тасмасы, түркмөндөрдүн кино тармагында өзгөчө оорунга ээ. Көрүүчүлөр аны дагы эле кызыгып көрүшөт.

«Мукамдардын сыры» тасмасы 1974-жылы Союздук республикалардын кинофестивалында «эң мыкты тасма» сыйлыгына татыган. Ошондой эле бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, олжолуу кайткан.

Тасманын популярдуу болушун камсыздаган маанилүү факторлордун бири - анын музыкасы. Тасманын музыкасын Нури Халмаммедов жазган.

Anahtar Kelimeler: «Мукамдардын сыры», Түркмөн киносу,

Жаңылыктар