Түркмөн оозеки адабиятында «мончукатты»

«Мончукатты»-жаш кыз-келиндердин оюну. Көбүнчө Нооруз майрамында ойнолот.

31 Aralık 2021 20:14

«Мончукатты»   кыргыз тилинде «мончок ыргытуу» дегенди түшүнүрөт. Адатта жаш кыздар чогулуп, ыр күүнүн коштоосунда ойнолот.

Оюндун шарты төмөндөгүдөй:

Чогулган жаш кыздар суу толтурулган идишке өзүнө таандык мончокторду ыргытышат да төрт саптан турган ыр ырдашат. Ыр ырдалып бүткөн соң идиштеги мончоктордун бирин алып чыгышат. Мончок кимге таандык болсо, жогорудагы ырдын сөздөрү, ошол  кыздын төлгөсү катары кабыл алынат. Андыктан ырды ырдап жаткан учурда жакшы сөздөрдү айтуу абзел.  Анткени ырдагы сөздөр терс мааниде болсо, адамдын бактысы да оң болбойт деген ишеним калыптанган.

«Мончукатты»   оюнунда ырдалган ырлар, келин-кыздардын кыялдарын, үмүттөрүн, аруу тилектерин чагылдырат.

Оюндун тарыхы байыркы доорго барып такалат.

 

Anahtar Kelimeler: «Мончукатты»,

Жаңылыктар