Түркмөн тандыры

Түркмөн эли үчүн тандыр ыйык.

10 Haziran 2022 21:33

Түркмөн элинде тандырга байланыштуу бир нече ишенимдер бар.

Илгери байбичелер тандырды ыйык деп эсептеп, жума күнү, көп ыйлаган наристени же кош бойлуу аялдарды тандырды тегерете үч жолу айландырышкан. Ушундай жол менен бала жакшы болуп, төрөт жеңил болот деп ишенишкен.

Тандыр-улуттук биримдиктин символу.

Илгери душмандар айылды алыстан байкап, тандырдын аз же көптүгүнө карап,ошол айылдын элинин биримдигин аңдап билишкен.Эгерде айылда тандырдын саны аз болсо, бул айылдын эли ынтымакта, тынчтыкта ​​жашайт деп билишкен. Анткени айыл эли нанды ар башка тандырда эмес, биригип, ынтымакташа бышырышат деген ишеним болгон.

Тандырдын башында нан жеп, суу ичүү сооп болуп эсептелет.

Тандыр нанын жасоонун атайын жазылбаган эрежелери бар.

Байбичелер тандырдын башында үй-бүлөнүн амандыгын, мекендин биримдигин тилеп, жакшы тилек-ойлору менен бөлүшкөн.

Маалымат катары айта кетсек, тандыр (дандыр) - нан бышырылуучу атайын очок. Кыл кошулуп ийленген чоподон жарым айлана түрүндө оозу кууш, түп жагы кенен, ар кандай көлөмдө жасалат. Кээде тандыр атайын курулган тектирченин үстүнө орнотулат. Нан жапканга, отун жагууга оңой болсун үчүн тандыр тикесинен гана эмес, жантыгынан да курулат. Ошондой эле нандан башка тандырга түрдүү тамак ашты да жасашат. Тандыр Кыргызстанда, Казакстанда, Азербайжанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Моңголдо, Тажикстанда көп тараган.

Жаңылыктар