Түркмөндөрдүн салттуу баш кийими: «Силкме телпек»

Түркмөн элинин улуттук кийимдери— элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Алардын бири «Силкме телпек»

13 Ağustos 2021 22:25

Түркмөн улуттук кийимдеринин ажырагыс бөлүгү болгон «силкме телпек» канчалаган кылымдардан бери популярдуулугун жогото элек. Улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү болгон «силкме телпекке» болгон кызыгуу өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогору. Аталган баш кийимди ар бир жаран кастарлап, жаштар аны үйлөнүү үлпөт тойунда жана ар кандай салтанаттарда кийишет.

«Силкме телпек» ысыктан, жамгырдан, кардан жана шамалдан коргойт.

Түркмөнстандын ар кайсы аймактарында «телпек» тигүү боюнча адистешкен үй-бүлөлөр бар. Аны тигүү бир топ машакаттуу болгондуктан, телпекти даярдоого үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү активдүү катышат.

«Силкме телпек»  жүнү кыркылбаган козунун терисинен жасалат. Формасы ар түрдүү.

Жаңы союлган майда жандыктын териси тегиз, күнөс жерге жайылып кургатылат, бетине ашаткы (туз) сыйпалат. Ал кургап баратканда ашаткы 4-5 ирээт кайталанып сыйпалып, күндүн илеби кайткан соң, тыкан оролот. Тери ийине келгенде нымыраак бойдон баканга арта салынып, көлөкө жерге жайылат. Кургаган соң тери ийленип, жибитилет. Андан соң айран же сүткө малынып, бир-эки жумадай турат. Козунун териси толук тазалангандан кийин, телпек чеберлери аны дагы бир жолу жууп, таш менен сүртүп, жылмакай болушун камсыз кылат.

«Силкме телпекти» тигүүгө тарак, чоң ийне, ак, кара жип жана оймок талап кылынат.

«Силкме телпектин» түрү жана түсүнөн ээсинин жаш курагын жана коомдогу позициясын аныктаса болот. Жаштардын телпеги ак козунун терисинен жасалса, улуулар кара жана күрөң түстөгү телпек кийишет.

Anahtar Kelimeler: «Силкме телпек», Түркмөн эли,

Жаңылыктар