Түркмөндөрдүн салттуу тамагы: Дограма

Дограма даамы көбүнчө аш-тойлордо жана Курман айтта жасалат.

20 Ağustos 2021 21:37

Дограма-түркмөн элинин улуттук тамагы. Ал көбүнесе аш-тойлордо жана Курман айтта жасалат. Курман айтта айттап келген меймандарды дограма даамы менен узатуу салтка айланган.

Дограма койдун же уйдун этинен жасалат. Алгач этти сууга салып кайнатуу керек. Суу кайнаганда бир аш кашык туз жана помидор салынат. Этти азыраак отко бүлкүлдөтүп, эзилте (сөөктөн эт ажыраганга чейин) бышыруу керек.

Эт бышканга чейин тандырда нан бышырылат. Аны майдалап туурап, идишке салуу керек.

Андан соң пиязды тазалап, аны ичке кесип, тууралган нандын үстүнө коюу керек.

Шорподон этти чыгарып, чыгарылган этти майда туурап жана тууралган этти нандын үстүнө кошуу керек.

Андан соң баары аралаштырылат да үстүнө шорпо куюлат.

Дограма даамы даяр.

Калоочуларга кара мурч кошуп берсе болот.

 

Anahtar Kelimeler: Дограма, Түркмөндөрдүн салттуу тамагы,

Жаңылыктар