Түркмөнстан мамлекеттик цирки

Маданият министрлигинин алдында иш алып барган 1500 оорундуу мамлекеттик цирк Ашхабаддын борборунда жайгашкан.

12 Mart 2022 14:53

Түркмөнстан мамлекеттик циркинин имараты 1979-1984-жылдары курулган.

2001-жылы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун буйругу менен өлкөдөгү бардык цирктер жабылган. 2008-жылы президент Гурбангулы Бердымухамедов циркке киргизилген тыюуну алып салган. Дароо Мамлекеттик цирктин эки кабаттуу имаратында реставрация иштери башталган. Калыбына келтирүү иштеринин алкагында акыркы технологиялык шаймандар менен жабдылган имараттын сырты ак мрамор жана гранит менен капталган. Цирктин фойеси, аренасы, отургучтары, цирк жабдуулары, жаныбарлар үчүн торлор жана башка объекттер толугу менен жаңыртылган. Цирктин куполуна Түркмөнстандын желеги түшүрүлгөн 16 метрлик флагшток орнотулган.

2010-жылы цирктин жаңы имараты эң сонун салтанат менен ачылган.  Ага катарлаш эле цирк искусствосуна даярдоочу окуу жай да ачылган.

Түркмөнстан мамлекеттик циркинин биринчи чет элдик гастролу 2012-жылы Минск шаарына болгон.

2013-жылы Түркмөнстандын цирки Москвада өткөн "Цирктин кумири" фестивалында биринчи орунду алган.

Циркте дүйнөгө атагы чыккан ахалтеке жылкыларынын өнөрү, акробатика, көз байлоо, бий, тең салмактуулук трюктары жана  колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын өзгөчө өнөрлөрү көрсөтүлөт.

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан мамлекеттик цирки,

Жаңылыктар