Түркмөнстанда үлпөт той

Үйлөнүү үлпөт тойлорунда байыркы салттар менен азыркы жөрөлгөлөр айкалышып турат.

14 Ocak 2022 18:41

Кайсы элде болбосун ата эне балдарынын келечеги, жакшы жашоосу жөнүндө ойлонот, кам көрөт. Түркмөндөр балдарын үйлөндүрүүнү ата-эненин милдети катары эсептейт. 

Каада-салттарын, үрп-адаттарын сактап калган түркмөндөрдүн үйлөнүү тою бир топ шаңдуу өтөт. Илгери тойлор тойлор үч күнгө созулчу. Той ээсинин эшигинин алдына түркмөн чатыры тигилген. Таң эрте казандарда тамак бышырылат. Мал союлуп, элге даамдуу тамактар тартууланат.

Кызыктуусу түркмөн кыздарынын үйлөнүү тоюнда кийген кийимдердин жана зер буюмдардын салмагы кыздын өзүнүн салмагы менен бирдей болот. Зер буюмдардын салмагы 36 килограмм болсо, колго тигилип, «күрте» деп аталган баш кийим жана көйнөктүн салмагы 40 килограммдан ашат. Уламыштарда айтылгандай түркмөн аялдары мекенди коргоодо эркектер менен бирге салгылашууну каалашкан. Бирок алардын бул өтүнүчү кабыл алынбаган соң, жоокерлердин кийимдерин үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүнө зер буюм катары колдонушкан имиш.

Кыздын төркүнү кызды узатууга даярданышат.  Кыздын  азем жасалгаларын тагышат, кооз шөкүлөнү кийгизет. Бул кечеде эки тараптын жаштары көңүл ачышат, түрдүү үлпөт ырлары ырдалат. Кыздын эне-атасы, жакындары ак батасын берип узатышат. Кайын журтун сыйлап, урматтап жүрүүгө үндөшөт. 

Кыз өз үйүнөн узагандан кийин той күйөө тарапта улантылат.

Азыркы учурда үлпөт тойлор заманбап жашоого ылайыкташтырылып, ошол эле учурда каада салт да унутулбай, шаңдуу маанайда өтөт. 

 

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, үлпөт той,

Жаңылыктар