Түркмөнстандагы байыркы Ниса чеби

Түркмөнстан байыркы баалуулуктарга, тарыхый архитектуралык эстеликтерге бай өлкө. Алардын бири Ниса чеби.

30 Mayıs 2021 11:03

 

Б. з. ч. 250-жылда Каспий деңизинин түштүк жана түштүк-чыгышында азыркы Түркмөнстандын аймагында Парфия дөөлөтү (Парфян падышалыгы) өкүм сүрүп турган. Ниса шаары байыркы Парфия мамлекетинин борбору болгон.

Шаар чалдыбары Ашхабад шаарынын 18 чакырым түштүк батышында жайгашкан.

Ниса чеби Парфия дөөлөтү учурунда түптөлгөн. Андан бери миңдеген жыл өтсө да тарыхый чептин калдыктары сакталып калган.

Байыркы Ниса чеби- «Митридакирт»

Байыркы Ниса чеби шаардын борбордук бөлүгү болуп эсептелет. Ал жакта хан сарайлар, ибадатканалар жайгашкан.

Археологиялык казууларда Парфия дөөлөтүнүн казынасы жана манилүү документтер сакталган кампанын калдыктары, мрамор, алтын, күмүш жана пилдин сөөгүнөн жасалган буюмдар, ошондой эле ибадатканын калдыктары табылган.

Казууларда табылган сейрек кездешүүчү фреска фрагменти Парфия архитектурасынын шедеври болуп эсептелет.

Байыркы Ниса чебин Парфиялыктар «Митридакирт» деп аташкан. Ал кароль Митридиат салган чеп деген маанини түшүндүрөт.

Жаңы Ниса чеби

Жаңы Ниса чеби байыркы Ниса чебинен 1,5 км түндүк-батышта жайгашкан. Катардагы жарандар Жаңы Ниса чебинде жашашкан. Археологиялык казууларда турак жайлар жана административдик имараттар табылган.

Ниса чеби 2007-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, байыркы Ниса чеби,

Жаңылыктар