Түркмөнстандагы Базар Аманов атындагы мамлекеттик балдар китепканасы

Базар Аманов атындагы мамлекеттик балдар китепканасы - Республикадагы алдыңкы китепкана

29 Nisan 2022 23:17

Балдар китепканасы 1935-жылы негизделген.

1983-жылы китепканага Түркмөнстандын эл артисти жана драматургу Базар Амановдун ысымы ыйгарылган.

Аталган китепкана мамлекеттик балдар адабиятынын негизги фондусу болуп саналат. Мектеп китепканалары үчүн методикалык борбор катары кызмат көрсөтөт.

Китепкананын негизги максаты түркмөн элинин руханий мурасын, тарыхый баалуулуктарын, каада-салтын, үрп-адаттарын таанытуу жана өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимин ойготуу болуп саналат.

Китепкана жаш балдарга китептер менен таанышуугу шарт түзөт. Алсак бардык курактагы балдар үчүн ар кандай маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Андан сырткары салттуу оюндар, драма, живопись, музыка жана жомок айтуу иш-чаралары уюштурулуп турат.

Китепканада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын бөлүмдөр бар.

Китепкананын интернет баракчасы: www.chagalar-kitaphana.gov.tm

Жаңылыктар