Түркмөнстандагы «Эгемендүүлүк» эстелиги

Ашхабад шаарындагы эстелик 2001-жылы Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 10 жылдыгына карата тургузулган.

28 Nisan 2021 01:22

 

2001-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарындагы негизги аянттардын биринде көз карандысыздыкты даңазалаган «Эгемендүүлүк» эстелиги ачылган. Учурда эстелик Ашхабаддагы эң популярдуу жайлардын бири. Ага жергиликтүү жана чет элдик туристтер байма бай каттап турат.

Эстелик көз карандысыздыктын 10 жылдыгына арналып жасалып, түркмөн калкы көксөгөн эгемендүүлүктүн символу тарыхый жана маданий мурастар аркылуу берилген.

Эстеликтин алдыңкы бөлүгү салттуу түркмөн чатырын жана түркмөн кыздары кийген «гупба» баш кийимин элестетет. Бул баалуулуктар түркмөн маданиятынын ажырагыс бөлүгү.

Ал эми эстеликтин үстүңкү бөлүгү Дашөгүз провинциясындагы орто кылымга таандык урандыларды элестетсе, мунарасы Кутлуг Тимурдун мунарасына окшош.

Эстеликтин бийиктиги 27 метр. Колодон жасалып, алтын жалатылган. Ал эми мунара темир бетон менен салынып, бийиктиги 91 метр.

Имараттын ичинде тарыхый эмгектер көргөзмөгө коюлган. Ал эми сыртында элдик баатырлардын айкелдери орнотулуп, фонтан салынып, жашылдандырылган.

«Эгемендүүлүк» эстелигинин жалпы аянты 84 500 чарчы метрди түзөт.

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, Ашхабад, «Эгемендүүлүк» эстелиги,

Жаңылыктар