Түркмөнстандагы "Гөктепе" улуттук музейи

Ахал провинциясында жайгашкан Гөктепе улуттук музейи 2009-жылдын 9-майында ачылган

15 Nisan 2022 11:36

Музейдин имараты 2 кабат.

Биринчи кабатта түркмөндөрдүн күнүмдүк жашоосу, этнографиясы, Түркмөнстандын тарыхы, Гөктепе согушун чагылдырган сүрөттөр, улуттук баалуулуктар, тарыхый кийимдер, түркмөндөрдүн ак чатыры, зер буюмдар жана тарыхый керамикалык эмгектер көргөзмөгө коюлган. Ошондой эле, баалуу тарыхый экспонаттар сакталган атайын бөлмөлөр жана конференц-залдар орун алган.

Музейдин экинчи кабатында болсо элдик баатырлардын сүрөттөрү, тарыхый экспонаттар, этнографиялык баалуулуктар, архивдик документтер жана фотосүрөттөр сакталган.

Музейже 1500дөн ашык тарыхый экспонаттар бар. Музейдин көргөзмө аянты 2011 чарчы метр.

Гөктепе улуттук музейи өлкө аймагында тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, изилдөө жана дүйнөгө таанытуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат.

Музейде бир катар илимий-изилдөө иштери, илимий-методикалык изилдөөлөрдү жүргүзүлөт. Ошондой эде илимий макалаларды жарыялоо, сувенирлерди чыгаруу жана сатуу, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча программаларды ишке ашырат.

Anahtar Kelimeler: "Гөктепе" улуттук музейи, Түркмөнстан,

Жаңылыктар