Түркмөнстандагы көркөмдүү Конституция монументи

Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына тургузулган Конституция монументи 18-май 2011-жылы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусу менен салтанаттуу ачылган.

06 Haziran 2021 00:46

 

Конституция монументи түркмөн элинин улуттук архитектурасынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн камтыйт. Ал  Түркмөнстандын бейтараптуулугунун, көз карандысыздыгынын жана түркмөн элинин биримдигин символу.

Монумент 116,6 чарчы метр аянтка салынган. Аянт декоративдик бассейндер менен кооздолуп, жашылдандырылган. Кире беришине ар бири 12 метр келген 10 жоокердин айкели орнотулган.

185 метрлик монумент Түркмөнстандагы эң бийик курулуш болуп саналат.

Мунаранын ылдыйкы бөлүгү сегиз кырдуу жылдыз түрүндө салынган. Бийиктиги 27 метрди түзөт. Ал эми мунаранын өзүнүн бийиктиги 91  метр.

Монумент түркмөн килемдеринин мотивдери менен кооздолуп, эң үстүңкү катмарына 5 жылдыз жана айдын элеси чагылдырылган. 5 жылдыз - беш ири түркмөн уруусунун биримдигинин символу.

Конституция монументинин ичинде жыйындар залы, эс алуучу аянтчалар, түркмөн элинин тарыхый баалуулуктарын чагылдырган музей, окуу залы жана терраса жайгашкан.

Anahtar Kelimeler: Конституция монументи т, Түркмөнстан,

Жаңылыктар