Түркмөнстандагы Көйтендаг жаратылыш коругу

Көйтендаг жаратылыш коругу - Түркмөнстандын Лебап провинциясынын чыгыш тарабындагы Көйтен тоо кыркасында жайгашкан.

11 Haziran 2021 23:14

Көйтендаг жаратылыш коругу – 1986-жылы түзүлгөн. Коруктун максаты, аймакта кездешкен жаратылыш комплекстерин жана анда жашаган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн сейрек кездешкен түрлөрүн көбөйтүү.

Көйтендаг жаратылыш коругунун аймагы бүгүнкү күндө 27 100 гектарды түзөт.

Коруктун аймагында сүт эмүүчүлөрдүн бир нече түрү (сүлөөсүн, күрөң аюу, перс илбирси, чаар чөө, кундуз ж.б) канаттулардын 155 түрү кездешет. Корукта «Кызыл китепке» кирген марал, кулжалар бар.

Көйтендаг жаратылыш коругу Гарлык, Хожабуржубелент жана Хожапил аталыштагы үч негизги аймактан турат.

Гарлык аймагы Көйтен тоосунун түштүгүндөгү тоо кыркаларда, жайгашкан. Аймакта бир катар үңкүрлөрдү жана көлдөрдү кездештирүүгө болот.  Кайнар баба көлү, Булакдере жана Айдере капчыгайлары көз жоосун алат.

Хожабуржубелент аймагы Көйтен тоосунун түштүкбатышында жайгашкан. Бул аймакта мисте токойу жайгашкан.

Хожапил-динозаврлардын сөөктөрүнүн калдыктары жана издери табылган палеонтологиялык аймак.

Anahtar Kelimeler: Көйтендаг жаратылыш коругу, Түркмөнстан,

Жаңылыктар