Түркмөнстандагы Кутлук Тимур мунарасы

Кутлук Тимур мунарасы Түркмөнстандын Көөнө Үргөнч шаарында орун алган.

02 Temmuz 2021 22:53

Кутлук Тимур мунарасы-бул Түркмөнстандын түндүгүндө жайгашкан тарыхый эстелик.

Бул мунара бир кездердеги Үргөнч (Ургенч) шаарына тийиштүү мечиттен калган эстелик экенин окумуштуулар белгилешет. Мунара XI кылымда Хорезм доорунда салына баштаган.  1221-жылы моңголдор Үргөнч шаарын кыйроого учуратканда  мунара да жабыр тарткан. 1320-1330-жылдары Алтын Ордо мамлекетинин аймактагы башкаруучусу Кутлук Тимур тарабынан салынып бүткөрүлгөн.

Кутлук Тимур мунарасы Борбордук Азиядагы бийик мунаралардын катарын толуктайт. Адеп дегенде бийиктиги 65 метрди түзгөн. Учурдагы бийиктиги 60,5 метр. Түбүнүн диаметри 12 метр, төбөсүнүкү 2 метрге жакын.

Дубалдын кышында мунара Өзбек хандын тушунда салынгандыгы жазылган. Кол алдындагы ошол аймактын башкаруучусу Кутлук-Тимурдун ысымы эскерилген. Мунаранын Кутлук Тимур деп аталып калышынын себеби да ушул.

Мунара кыш жана жыгачтан салынган. Орто Азия архитектурасынын уникалдуу жана кереметтүү үлгүлөрүнүн бири.

Anahtar Kelimeler: Кутлук Тимур мунарасы, Үргөнч, Түркмөнстан,

Жаңылыктар