Түркмөнстандагы Махтумкулу атындагы улуттук музыкалык драма театры

Түркмөнстандагы Махтумкулу атындагы улуттук музыкалык драма театры 2001-жылы жабылган Түркмөн опера жана балет театрынын ордуна салынган.

21 Ocak 2022 18:20

 

Махтумкулу атындагы улуттук музыкалык драма театры классикалык стилде курулган. Үстүңкү жагы купол менен капталып, колонналары ак мрамордон салынган.

Имарат жалпысынан 800 оорундуу: биринчи кабатына 576, балконго 224 киши батат.

Драма театрдын репертуарында классикалык жана заманбап түркмөн чыгармалары орун алып, айрым учурларда чет элдик өнөр адамдарынын концерти өтүп турат. Театрда коюлган пьесалардын көпчүлүгү түркмөн элинин тарыхын чагылдырат.

Оюндардын айрымдары: «Көроглу», «Шахсенем-Гарип», «Лайли жана Мажнун», «Каражаоглан», «Зухра жана Тахир».

Театрда «Ахмеддин эр жүрөк корозу», «Сыйкырдуу сөз», «Ажыдаар бар», «Акылдуу коён», «Перинин жомогу» сымал балдарга арналган пьесалар да коюлат.

Маданият жана искусство тармагындагы жогорку окуу жайлардын жана кесиптик лицейлердин студенттери аталган театрда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, Махтумкулу атындагы улуттук музыкалык драма театры,

Жаңылыктар