Түркмөнстандык белгилүү акын жана жазуучу Ораз Ягмур

Ораз Ягмур түрк дүйнөсүнүн мистикалык чыгармаларын, түрк акындарын жана Мустафа Кемал Ататүрктү Орто Азияга тааныткан ысым.

07 Ocak 2022 19:35

Ораз Ягмур 1947-жылы Мары шаарынын Ёлотен районундагы Ганлыбаш айылында туулган. Башталгыч жана орто мектепти Мев шаарында окуган. 1972-жылы Ашхабаддагы Махтумкулу атындагы мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Алгачкы романы «Тумандар эригенде» 1989-жылы жарык көргөн. Белгилүү түркмөн дастанчысы Гурт Якуптун өмүр чыгармачылыгына арналган биографиялык романы романдарынын ичинен эң белгилүүсү.

1990-жылы «Каражогланды зындандан ким чыгарат» деген макаласы жарык көргөн. Ал бул макаласында Советтер Союзу мезгилинде тыюу салынган белгилүү түрк элдик акыны Каражогланды Түркмөнстандыктарга тааныткан. 1994-жылы Каражогланга арналган «Чачтарың кара түстө эмеспи?», 2007-жылы «Көгүчкөн үндүүм кайдасың?» китептери жарык көргөн.

Ораз Йагмурдун Мевлана жөнүндө баяндаган «Кандай көрүнсөң ошондой бол» жана Юнус Эмрени баяндаган «Сүйөлү, сүйүлөлү» аттуу чыгармалары бар.

Түрк дүйнөсүнүн маданий көпүрөсүн бекемдөө үчүн Ашхабад шаарында Мехмет Акиф Эрсой, Каражаоглан, Мевлана, Юнус Эмре жана Ататүрктү эскерүү күндөрүн уюштурган. Түрк акындарынын ырларын түркмөн тилине которгон.

1999-жылы Түрк дүйнөсүнө көрсөткөн эбегейсиз кызматы үчүн Түркия Республикасынын Президентинин «Эмгек» сыйлыгы менен сыйланган.

2008-жылы түрк маданиятына кызмат көрсөткөнү үчүн сыйлыгын алса, 2009-жылы Түркия Жазуучулар союзунун баш байгесине татыган.

Түрк дүйнөсүнүн улуу акыны жана жазуучусу Ораз Йагмур 2022-жылы 3-январда 75 жаш курагында дүйнө салган.

Anahtar Kelimeler: Ораз Ягмур,

Жаңылыктар