Түркмөнстандык чебер сценарист жана режиссёр: Алты Карлиев

Алты Карлиев түркмөн театр жана кино искусствосуна үлкөн салым кошкон.

28 Ocak 2022 17:52

Алты Карлиев 1909-жылдын 6-январында Ахал облусунун Тежен районуна караштуу Бабадайхан айылында туулган.

1929-жылы Молланефес атындагы түркмөн мамлекеттик драма-театрын, 1931-жылы Азербайжандагы мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Түркмөн мамлекеттик академиялык драма театрында баштаган.

Ал актёрлуктан сырткары режиссёрлук кызматты аркалаган.

Түркмөн мамлекеттик академиялык драма-театрында «Жибек», «Күзгү», «16-жыл», «Жетекчи» пьесаларын койгон.

1941-жылы Опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалган. Опера жана балет театрында иштеп жүргөндө "Шахсенем жана Гарип", "Абадан", "Лайли жана Мажнун" жана "Зухра жана Тахир" операларын койгон.

1955-жылдан тарта Молланефес атындагы түркмөн мамлекеттик академиялык драма театрынын башкы режиссеру жана актёру болуп иштей баштаган.

Бул жылдары киностудияда да иштеген.

Карлиев, Махтумкулу атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрынын сахнасында чоң ийгиликтерди багындырган «Махтумкулу» операсынын автору.

Түркмөн театрынын жана киносунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Алты Карлиевге, 1942-жылы, Түркмөнстандын эл артисти наамы ыйгарылган.

1944-жылы «Эмгек Кызыл Туу» ордени, 1949-жылы «Ленин» ордени, 1945-жылы «Кайрымдуулук» медалы менен сыйланган.

1966-жылы "Чечкиндүү кадам" тасмасында Гүлли хандын ролун ойноп, эл аралык Махтумкулу атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.

Алты Карлиев, 11-декабрь 1973-жылы 65 жаш курагында жарык дүйнө  менен кош айтышкан.

Anahtar Kelimeler: Алты Карлиев, Түркмөнстан,

Жаңылыктар