Түркмөнстандык спортчу Юлдуз Жумабаева алтын медаль тагынды

2018-жылы Ашхабад шаарында өткөн оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалды жеңип алган Түркмөнстандык спортчу Юлдуз Жумабаева алтын медалын алды.

11 Mart 2021 18:46

2018-жылы Ашхабад шаарында оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугу өткөн. Анда Таиланддык спортчу алтын медалды жеңип алган. Ал эми күмүш медалга Түркмөнстандык спортчу Юлдуз Жумабаева татыган. Кийинчерээк Таиланддык спортчунун  допинг эрежесин бузгандыны аныкталып, алтын медалы жокко чыгарылды. Алтын медаль Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалды жеңип алган Түркмөнстандык спортчу Юлдуз Жумабаевага тапшырылды.

Юлдуз Жумабаевага медалды тапшыруу аземи Түркмөнстандын борбору Ашхабаддагы Олимпиадалык комплексте өттү. Аземге Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, министрлер, Түркиянын Түркмөнстандагы элчиси Орал Тоган жана ардактуу коноктор катышышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө көптөгөн эл аралык спорттук оюндар өткөрүлүп, спорт жаатында маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин билдирди.

Анын маалыматына караганда бул жылы Түркмөнстанда Велосипед тебүү боюнча Дүйнөлүк чемпионат жана теннис боюнча Дэвид Кубогунун 4-турнирин уюштурулат.

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугу, Юлдуз Жумабаева, алтын медаль,

Жаңылыктар