Түркмөнстандын популярдуу эс алуу борбору: Аваза улуттук туризм аймагы

Каспий деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан Аваза аймагы туризмдин бейишине айланууда.

21 Nisan 2021 12:17

Түркмөнбашы шаарынан 12 чакырым алыс ​​жайгашкан Аваза аймагы 2007-жылы салына баштаган. Аваза улуттук туризм аймагы 2011-жылы чоң салтанат менен ачылып, туристтерди кабыл ала баштаган.

Аваза тунук деңизи, кенен пляждары жана таза абасы менен айырмаланып турат. Бул өзгөчөлүктөрү менен Түркмөнстандын гана эмес, бүткүл Орто Азиянын эң популярдуу туризм борбору болуп эсептелет.

Табигый ресурстары, уникалдуу суусу жана  биологиялык ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн Каспий деңизи  Авазанын көркүнө көрк кошуп турат.

Шаардын кооздугу, заңгыраган имараттары көз жоосун алат.

Аваза улуттук туризм аймагынын жалпы аянты 5 миң гектарды түзөт. Аянтка  жүз миңдеген көчөт отургузулуп, жашылдандырылган.

Аваза-бүгүнкү күндө туристер көп барган аймактардын бири.

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, Аваза, туризм,

Жаңылыктар