ТҮРКОМБ - түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты бекемдейт

Түрк мамлекеттеринин Акыйкатчылары биримдиги "ТҮРКОМБ"- биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү максат кылат.

23 Mayıs 2022 14:15

ТҮРКОМБ 13-майда Бурса шаарында Акыйкатчы институтунун демилгеси менен негизделген. Ага Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан мүчө.

Башкы Акыйкатчы Шереф Малкочтун маалыматына караганда "ТҮРКОМБ"- биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү максат кылат.

Ал белгилегендей Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери Түркия аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. 

Белгилей кетсек 2021-жылдын 12-ноябрында Түркия Республикасынын Президенти Р. Т. Эрдогандын төрагалыгы алдында Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин саммити өтүп, анда Түрк кеңешинин ысымын Түрк мамлекеттердин уюму деп өзгөртүү чечими кабыл алынган.  Андан бери уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунданы саясий, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда ишмердүүк кеңейди.

"Үлгүлүү биримдик болот"

Малкоч белгилегендкй ТҮРКОМБ, Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурса шаарында жаңы гана негизделди. Осмон дөөлөтүнүн  алгачкы борбору Бурсада ТҮРКОМБдун алгачкы жыйыны болуп өттү. 

ТҮРКМОБ Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү боюнча пикир алмашуу, академиктер менен иштешүү жана тажрыйба алмашуу  максатын көздөйт.  Ал, үлгүлүү биримдик болот. 

Венгрия жана Түркмөнстан мүчө болушу мүмкүн

ТҮРКОМБго учурда 6 мамлекет мүчө болуп кирди. Малкочтун айтымында Венгрия жана Түркмөнстан жакында ТҮРКОМБго мүчө болушу мүмкүн.

 

Жаңылыктар