ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Нооруз шаңы

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда өткөн Нооруз салтанатына катышты.

22 Mart 2021 18:59

Түрксой эл аралык уюмунун башкы кеңесесинде улустун улуу күнү Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой катышты.

Алгач Нооруз оту жагылып, коноктор от үстүнөн секиришти.

Министр Мехмет Нури Эрсой аземде сүйлөгөн сөзүндө жалпы түрк дүйнөсүн Нооруз майрамы менен куттуктады. Нооруз жалпы адамзатка таандык жаз майрамы экендигин баса белгиледи. Өз кезегинде ТҮРКСОЙ уюштурган маданий иш-чаралардын маанисине токтолуп, бул иш-чараларды бүткүл дүйнөгө жайылтуу жана маданий байланышты чыңдоо негизги максаттардын бири экенин айтты.

Ал эми ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүсен Касеинов  дүйнөнүн бардык элдери эзелтен жаздын келишин өзгөчө шыктануу менен тосуп алышканын белгиледи. Нооруз майрамы жалпы түрк дүйнөсүнө таандык маданий баалуулук экендигин баса белгиледи.

«Нооруз — достуктун, биримдиктин жана тилектештиктин майрамы»,-деди ал.

Касеинов баса белгилегендей ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Нооруз майрамын кеңири аудиторияга жайылтуу максаты менен 1995-жылдан бери Түркияда жана түрк тилдүү мамлекеттерде атайын иш-чараларды уюштуруп келет.

2009-жылы Нооруз  ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин демилгеси менен ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Ал эми 2010-жылдын 23-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп жарыялаган.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы кеңсесинде өткөн Нооруз салтанаты ыр-бийлер менен коштолду.

Иш-чарада Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойго Абай медалы жана Нооруздун символу сэмэни (өндүрүлгөн буудай) тапшырылды.

Anahtar Kelimeler: ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Нооруз шаңы, Мехмет Нури Эрсой,

Жаңылыктар