ТҮРКСОЙ уюмунун жаңы шайланган башкы катчысы Султан Раевдин өмүр баяны

Султан Раев-Кыргызстандын белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктардын ээси.

31 Mart 2022 22:55

Раев Султан Акимович 13.07.1958-жылы Кыргызстандын Ош облусунуа караштуу Кара-Суу районундагы Жоош айылында туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетин, журналистика багыты боюнча аяктаган. 

Иш тажрыйбасы:

2020-жылдан азыркы кезге чейин – Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары (Штаб-квартирасы Стамбул шаары); 2017-2020-жылдарыКР президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси; 2016-2017-жылдарыТарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча башкы директор; 2013- 2014-жылдары КР Маданият, маалымат жана туризм министри; 2011-2013-жылдары КР президентинин кеңешчиси - ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасы; 2007-2010-жылдары КР Маданият жана маалымат министри; 2006-2007-жылдары КР маданият министри; 2005-2006-жылдары - КР өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы; 2004-2005-жылдары - Маданият жана искусствону колдоо коомдук фондунун президенти; 2002-2004-жылдары - КР билим берүү жана маданият министринин орун басары; 1991-2002-жылдары «Кыргыз руху» гезитинин башкы редактору; 1989-1991-жылдары «Асаба» гезитинин башкы редакторунун орун басары; 1984-1989-жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинин кабарчысы; 1979-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенти; 1977 - 1979 - Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн; 1975-1977-жылдары Карасуу районунун СЭСинин инструктору.

Наамдары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2003-ж.);

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2005-ж.);

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2008);

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу (2011).

Сыйлыктары;

Чыңгызхан Медалы ( МЭР президентинин Жарлыгы 2007);

Бирлик Медалы ( РК Президент 2021).

Китептери

“Чаң жол”, “Күн кармаган бала”, “Ханышанын көз жашы”, “Haftanin besinci gunu”, “Weeping of the Gueen” “Корона”,  “Жанжаза”, “Кара”, “Антистандарт”, “Топон”, “Пятый день недели”, “Пусу”, “Илегилек”, “Потоп”, “Тumarhane”, “Жанжаза”. 

Драмалары:

«Оо, кыздар», «Күн кармаган бала», «Дубал», «Женщина», «Кашар», «Тайамам», «Исхак Раззаков», «Плач царицы», «Долгая дорога в Мекку», «Суфлер», «Илегилек», «Ман».

Киносценарийлери:

“Курманжан Датка” ( х/ф, авторлош); “День последний” ( автор, режиссер- коюучу); “Агай” (д/ф, автор,режиссер-коюучу.); “Женщина” (х/телефильм, автор).

2002-жылы Султан Раев Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин Лондонго чакыруусуна татыктуу болгон, Букингем сарайында анын Алтын юбилейине арналган салтанатка катышкан.

“Акыркы керээз” спектакли 2007-жылы Би-Би-Си (Улуу Британия) тарабынан “Жети керемет – дүйнөнүн эң мыкты жети пьесасы” рейтингдик антологиясына кирген.

"Ханышанын ыйы" пьесасынын негизинде коюлган спектакль 2016-жылы Лондондогу Space театрында англис тилинде коюлган.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму

Анкара шаарында штаб-квартирасы жайгашкан ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму 1993-жылы негизделген.

Бул уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан мүчө болуп саналат.

Ал эми Венгрия, Молдова, ошондой эле Россиянын бир катар субъекттери байкоочу макамына ээ.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун негизги максаты түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу.

Anahtar Kelimeler: Султан Раев, ТҮРКСОЙ,

Жаңылыктар