Түркстан шаарынан Стамбул шаарына жаңы аба каттамы ачылды

«Fly Arystan» авиакомпаниясы «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортуна уча баштады.

28 Mart 2021 23:39

Түркстан шаарынан Стамбул шаарына жаңы аба каттамдары ачылды. Алгачкы учак бүгүн Түркстан шаарынан «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортуна конуп, эки тараптан каттаган жүргүнчүлөргө ыңгайлуу абал түзүлдү.  «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропорту Стамбулдун Азия тарабында жайгашкан.

Аталган авиакаттам «Fly Arystan» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылды.

«A-320» үлгсүндөгү учак менен Стамбул шаарына 160 жүргүнчү учуп келди.

Салт боюнча өрт өчүргүч унаалар учак конгон учурда суу чачып тосуп алышты. Ал эми жүргүнүчүлөргө гүл белек кылынды.

Белгилей кетсек 21-мартта «Түркстан-Стамбул» аба каттамы боюнча алгачкы учак Стамбулдагы Стамбул аэрпортуна конгон.

Anahtar Kelimeler: «Fly Arystan», «Сабиха Гөкчен, Түркстан-Стамбул,

Жаңылыктар