21 Mart 2021 15:13
Казакстандын жарандык авиация комитети Түркстан Эл аралык аэропортунан алгачкы учак 21-мартта «Түркстан-Стамбул-Түркстан» аба каттамы боюнча учканын маалымдады.
Аталган авиакаттам «Fly Arystan» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылды.
«A-320» үлгсүндөгү учак менен Стамбул шаарына 176 жүргүнчү учуп келди.
Түркстан-Стамбул-Түркстан каттамы алгачкы этапта регулярдуу тартипте аптасына 2 жолу иштеп турмай болду. Кийинчерээк каттам 7 күнгө чыгарылат.
Түркстан эл аралык аэропортун түрк компаниясы салган
Түркстан эл аралык аэропорту Казакстандын Түркстан шаарында 2020-жылдын 1-декабрында ачылган. Түркиялык компания салган аэропорт шаардан 16 чакырым алыс жайгашкан.
Аянты 905 гектар.
Аэропорт бир эле учурда 9 учакты кабыл ала алат.
Эгемендүү Казакстандын тарыхында салынган биринчи аэропорт.
Anahtar Kelimeler: «Түркстан-Стамбул-Түркстан» аба каттамы, Түркстан Эл аралык аэропорту, алгачкы учак,