Түркстандын символу: Ахмет Ясавинин күмбөзү

31-март 2021-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитинде «түрк дүйнөсүнүн руханий борбору» деп жарыяланган Түркстан шаарында Борбор Азиядагы ислам архитектурасынын уникалдуу эмгектери жайгашкан.

11 Mart 2022 22:50

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурас тизмегине кирген Түркстан провинциясы Улуу жибек жолунун боюнда жайгашкан. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкандыктан кылымдар бою руханий, саясий жана экономикалык негизги борборлордун бири болгон.

Түркстанда Орто Азиядагы ислам архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири болгон Ахмет Ясавинин күмбөзү, Арыстан Баба күмбөзү, байыркы Отрар шаары жайгашкан.

Түрк дүйнөсүнүн руханий лидери Кул Кожо Ахмет Ясавинин күмбөзү Түркстандын символу катары белгилүү. Күмбөз орто кылымдагы түрк архитектурасынын уникалдуу эстелиги болуп саналат. Болжол менен  1389-жылы Эмир Тимурдун буйругу менен салынган. Бир дагы мык колдонулбай, бышкан кирпич менен курулган. Эки кабаттуу. 35 бөлмөсү бар. Күмбөздүн кире беришине диаметри 2 метр 45 сантиметр, салмагы 2 тонна келген тайказан орнотулган. Тарыхчылардын айтымында жума намазга келгендерге тайказандан шыпаалуу суу таратылган.

Касиеттүү тай казанды Тебриздик белгилүү уста Абдулазиз жети металлдын (цинк, калай, коло, коргошун, жез, күмүш жана темир) кошмосунан жасаган. Казанды жасоодо колдонулган техникага байкоо салып көрө турган болсок, Абдулазиз уста, орто кылымдагы бардык техникалык жана эстетикалык билимге ээ болгон деп айтууга болот.

Бүгүнкү күндө тай казан улуттук биримдиктин жана тилектештиктин символу деп эсептелет. Ага тыйын ыргытып, тилек тилөө салтка айланган.

Белгилүү болгондой Кул Кожо Ахмет 63 жашка келгенде Мухаммед пайгамбар жеткен жашка жеттим, пайгамбардан узак жашаганга эч бир акым жок деп санап, өзү негиздеген медресинин ичине жертөлө каздырып, анда он жылдан ашуун тынбай зикир чалып, Курандын сүрөөлөрүн миң кайталап окуп жүрүп өмүр өткөргөн. Ал  кеңири таанымал болгон эмгеги «Акыл сөздөр жыйнагы» (Дивани хикмет) деген чыгармасын жертөлөөдөгү мечитте жазган.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Түркстан, Ахмет Ясави,

Жаңылыктар