Табышмактуу Таш-Рабат тарыхый комплекси

Таш-Рабат – орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасындагы уникалдуу эстелик.

25 Mart 2021 22:19

Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Таш-Рабат тарыхый комплекси эң уникалдуу деп эсептелинип келет. Себеби, Таш-Рабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Таш-Рабат аталып бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунан 80 километр алыстыкта, Тянь-Шандын тоолорунун арасындагы Кара-Коюм капчыгайында жайгашкан.

Таш-Рабатта Борбордук Теңир-Тоо аркылуу өткөн Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар жана башкалар тейленген. Таш-Рабат жөнүндө алгачкы жолу XVI кылымдын 2-жарымында Мухаммед Хайдар эскерип, эстелик 1408-16-жылдары курулган деп эсептейт.

Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган.

Таш-Рабатты окумуштуулар 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан. 

1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады. 

Архитектурасы

Кербен сарай жонулган таштардан ылайга олтургузуп тургузулган имарат. Анын маңдай жагы (фасады) чыгыш тарапка каратылып, чарчы формада курулган. Имараттын бийиктиги 20 мдей, тик бурчтуу формадагы кумпалуу (купол) 31 бөлмөдөн турат.

Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт:

коридор;

коридордун эки тарабындагы бөлмөлөр;

залы жана анын тегерегиндеги бөлмөлөр.

Коридордогу биринчи эшик аркылуу үч кароол үйгө өтөт. Дубалдын чыгыш тараптагы бурчтары мунаралар менен бекемделген. Имараттын негизги залына узун коридор аркылуу кирет. Коридордун эки жагында бөлмөлөр бар. Залы имараттын батыш тарабында, ортодо жайгашып (узундугу 9,32 м, туурасы 8,35 м), бөлмөлөр жана кичи залдар менен байланышкан. Анын төбөсү диаметри 9,30 м болгон кумпа (купол) менен жабылган. Имараттын бөлмөлөрү жана кумпа алебастр менен шыбалып, геометрикалык оймо-чиймелер менен кооздолгон. Бөлмөлөр төбөсүндөгү көзөнөктөр аркылуу жарык менен камсыздалган. Бөлмөлөрдүн төбөлөрү да арка сыяктуу жарым шар формасында жабылган. 

Anahtar Kelimeler: Таш-Рабат тарыхый комплекси, Кыргызстан, Нарын,

Жаңылыктар