Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өттү. 

07 Kasım 2020 23:20

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө.  Бул күндүн урматына бүгүн 7-ноябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров,  Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев, Маданият жана Туризм министр Нуржигит Кадырбеков катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата Кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда “Бүгүнкү күндө тарыхыбыз дагы терең изилдөөлөрдү талап кылат. Окумуштуу илимпоздорубузга чоң тарыхый милдет жүктөлгөн. Келечек муундар тарых китептерибизден "биз ким элек, ким болдук, ким болобуз?" деген суроолорго так жооп алуусу абзел. Бул бизди дүйнөлүк аренада эл катары орун ээлеп, өнүгүүбүзгө өбөлгө жаратат. Тарыхый эс-тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт”, - деп жазылган.

Жаңылыктар