Тарых жана табияттын айкалышы: Чемишгезек

Чемишгезек району тарыхый баалуулуктары, шаркыратмалары, суулары жана көпүрөлөрү менен өзгөчөлөнөт.

09 Nisan 2022 18:35

Тоо койнундагы Тунжели облусу жылдын ар бир мезгилинде өзүнчө керемет, өзгөчө кооз. Жаратылыштын койнунда эс алып, тоого чыгып, сүрөткө түшкүсү келгендер Тунжелиге байма-бай каттап турушат.

Облустун курамындагы Чемишгезек району болсо кол тийбеген жаратылышы менен көргөндөрдү суктандырат. Табигый кооздуктары тарыхый баалуулуктар менен айкалышып, өзгөчө көрктүү.

Кыш мезгили аяктап, жашыл теребелдүү жаз мезгили келгенден тарта шаар, өзгөчө кооздукка бөлөндү.

Райондо Тагар өрөөнү, Узун Хасан мазары, Кале мечити, Хамам-ы Атик, Тагар көпүрөсү, Хамидие медресеси жайгашкан. Алардын ар бири тарыхый жактан ири маниге ээ.

Район кооз жаратылышы жана тарыхый баалуулуктары менен туристтерди өзүнө тартып турат.

Anahtar Kelimeler: Чемишгезек, Түркия,

Жаңылыктар