Тарыхта калаар кар так: Хожалы кыргыны

Азербайжандыктар 1992-жылдын 26-февралында кыргынга учуратылган бейкүнөө жарандарды эскерүүдө.

26 Şubat 2021 13:46

Армения Азербайжандын Хожалы шаарында кыргын ишке ашыргандан бери 29 жыл өтсө да жүрөккө салган жарасы дагы эле айыга элек. Тарых барактарына кара тамгалар менен жазылып калган кыргын эч качан унутулбайт. Бирок, бул жылы Азербайжан Тоолуу Карабакта жеңишке жетишип, басып алуу астында калган жерлерин бошотту. Бул жеңиш Азербайжандыктардын көңүлүн жубатты.

Азербайжан элинин бирден-бир тилеги Хожалы кыргынын ишке ашыргандарды сот алдында жоопко тартып, адилеттүүлүктү камсыз кылуу.

Азербайжан Улуттук парламентинин төрагасы Адил Алиев, Хожалыдагы кыргын, тарыхтагы эң ири кылмыш экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда эл аралык укукка окуяларды "геноцид" деп таанууга мүмкүнчүлүк берээрин айтты.

Алиев баса белгилегендей, 1992-жылы Хожалыда, 1949-жылдагы Женева конвенциялары, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо келишими, Жарандык жана саясий укуктар боюнча конвенциясы, Катаал кыйноо, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркты басмырлоого каршы конвенциясы, Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жөнүндөрү келишимдери одоно бузулган.

Алиев, Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин түзүлгөн Нюрнберг Сотун, Мурдагы Югославиянын Эл аралык Кылмыш Сотун жана Руанданын Эл аралык Кылмыш Сотун мисал келтирип, дал ушундай сот процесси Хожалы үчүн түзүлүшү керек экенин айтты.

Алиев, Армениянын мурунку президенти Серж Саркисяндын "Хожалы окуясына чейин азербайжандыктар бизди карапайым адамдарды өлтүрө албайт деп ойлошкон. Бирок Хожалы шаарында алардын бул оюн ойрон кылдык» деген билдирүүсүн эске салып, бул билдирүү, Армениянын кыргынды атайылап ишке ашырганын далилдээрин баса белгиледи.

«Хожалыда адамзатка каршы эң оор кылмыш жасалган. Азербайжан элинин бирден-бир каалоосу-акыйкаттык табуу",- деди ал.

Хожалыдагы окуялар

Советтер Союзу тарагандан кийин армяндар, Азербайжанга таандык болгон жерлерди талап кыла баштаган. Көп өтпөй чабуулга өтүп, 1991-жылдын аяк ченинде  стратегиялык жактан маанилүү Хожалы шаарын курчоого алып, шаарды басып алуу аракетин көрүшкөн.

Бир канча айга созулган чабуулдан кийин 1992-жылдын 25-февралында армяндар, Советтер Союзунун 366-мотоаткычтар полкунун жардамы менен кол салууга өткөн.

Армяндар, шаарды басып алып гана тим болбостон бейкүнөө жарандарды топ-тобу менен өлтүрө башташкан. Туткунга түшүргөн жарандарды кыйнап, XX кылымдагы кандуу кыргында ишке ашырышкан.  

Ал учурда Хожалы шаарындагы калктын саны 7000 киши болгон.  Бул түнү 613 бейкүнөө адам өлтүрүлгөн. Алардын 83ү жаш балдар, 106сы аял, 70и карылар болгон. Кыргында 487 киши оор жаракат алган. Оор жаракат алгандардын 76сы жаш балдар болгон. 1275 киши туткунга түшкөн. Дайынсыз жогологон 150 кишинин тагдыры азыркыга чейин белгисиз.

Адам укуктары боюнча Европа Соту  2010-жылдын 22-апрелинде, Хожалыдагы окуяларды согуш кылмышы же адамзатка каршы кылмыш катары баалаган.

Бүгүнкү күнгө чейин, 15 мамлекеттин парламенттери жана АКШнын 16 штатынын парламенти Хожалыдагы окуяны айыптап, аны «геноцид» деп эсептеген резолюцияларды кабыл алышкан.

Азербайжан Хожалыдагы окуяларды дүйнө элдерине айтып түшүндүрүп, эл аралык коомчулуктан кылмышкерлерди жазалоосун талап кылып келет.

Жаңылыктар