Тарыхтын башталгыч чекити: Гөбеклитепе

Табышмактуу Гөбеклитепе археологиялык аймагы – дүйнөдөгү эң байыркы сыйынуу жайы.

01 Nisan 2021 23:22

Гөбеклитепе Шанлыурфа шаарынан 18 чакырым ыраак Өренжик конушунда жайгашкан. Гөбеклитепедеги археологиялык казуулар 1995-жылы Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигине караштуу Маданий байлыктар жана музейлер башкармалыгынын уруксааты менен башталган.  Казууларды Германиянын археологиялык институту жана Шанлыурфа музейи биргелеше жүргүзүп, топтун башында немец археологу, профессор Клаус Шмидт болгон.

Археологиялык казуулардын натыйжасында бир катар тарыхый табылгалар табылган. Алардын катарында неолит доорго таандык жапайы жаныбарлардын элестери, “Т” формасында тикесинен тургузулуп коюлган таштар, диаметри 8-30 метрди түзгөн тегерек жана тик бурчтуу формадагы байыркы ибадатканалар жана болжол менен 12 миң жыл мурункуга таандык, узундугу 65 см келген адам айкели бар.

Шанлыурфада жайгашкан Гөбеклитепе археологиялык аймагы 1-июль 2018-жылы өткөн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас комитетинини 42-жыйынында, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген.

2019-жылы Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен Гөбеклитепе археологиялык аймагынын расмий ачылышы болгон. 2019-жыл ошол эле учурда «Гөбеклитепе жылы» деп жарыяланган.

Табышмактуу Гөбеклитепе аймагы учурда жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүл чордонундагы аймактардын бири.

Anahtar Kelimeler: Гөбеклитепе, Шанлыурфа, Тарыхтын башталгыч чекити,

Жаңылыктар