Тарыхы жана табигый кооздугу менен таң калтырган Шеки шаары

2016-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» катары жарыяланган Шеки шаарынын кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат.

23 Mayıs 2021 12:52

Шеки шаары Азербайжандын түндүгүндө, Улуу Кавказ тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан. Тарыхый тамыры терең шаарда мечиттер, кербен сарайлар, чептер жана башка архитектуралык эстеликтер орун алган.

1772-жылы Шеки шаарын Киш дарыясынын катуу ташкыны талкалаган. Ошондон бери анын тургундары тынчы жок дарыядан бийик турган аймакка көчүп келишкен. Андан кийин, шаар абдан өнүккөн жана кеңейген. Шеки шаары ордо калаа Бакудан 370 чакырым алыс жайгашкан.

Шаар тарых бою бир катар мамлекеттин (Ширваншах, Грузин Падышачылыгы, Сафевиддер, Осмон дөөлөтү ж.б.) карамагына өткөн.

1578-жылы Шеки шаары Осмон дөөлөтүнө каратылган. Кийинчерээк Ирандын карамагына өтүп кеткен. 1745-жылы Надир Шах өлтүрүлүп, Шеки Хандыгы түзүлгөн. Бирок көп өтпөй, 1805-жылы Россия империясына кошулуп, 1819-жылы толук жоюлган.

1830-жылы борбору Нуха шаарында Шеки району түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Шеки шаары тарыхый жана табигый кооздуктары менен таанымал. Адатта чет элдик туристтер байма-бай каттап турчу жайлардын бири.

Шаардын эски бөлүгү жана Шеки хандардын сарайы Дүйнөлүк Мурас комитетинин 43-сессиясында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

2016-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» катары жарыяланган.

Anahtar Kelimeler: Шеки шаары, Азербайжан,

Жаңылыктар