Тарыхый Амасия шаары

Осмон ханзаадаларынын көбү алгачкы билимин алып, мамлекеттик башкарууну үйрөнгөн Амасия шаарына келген жергиликтүү жана чет элдик туристтер көп

20 Mayıs 2022 14:36

 

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Харшена тоосу, Понт падышасынын аска мүрзөлөрү, музейлери, Султан II Баезид комплекси, Йешилирмактын эки тарабындагы Кыздар сарайы, Ялыбоюу үйлөрү, Хеттерден мурас калган тарыхый көчөлөрү, Рим, Византия, Осмон доорунан калган баалуулуктары менен өзгөчөлүп турган Амасия шаары көптөгөн цивилизациялардын мекени болгон. Бир катар тарыхый баалуулуктарга ээлик кылган шаарды көрүүгө кызыккандардын саны арбын.

Гази Мустафа Кемал Ататүрк 1919-жылдын 22-июнунда «Улуттун көз карандысыздыгын улуттун чечкиндүүлүгү жана чечими сактап калат» деген сөзүн дал ушул Амасияда  айткан.

Учурда Амасиянын туризмин жандандыруу аракети көрүлүүдө. Маданияты, термалдык булактары, жаратылышы жана мергенчилик туризми менен өзгөчөлөнгөн Амасияга туристтерди тартуу максатында губернаторлук жана муниципалитет биргелеше иштерди жүргүзүүдө.

Жаңылыктар