Тарыхый Шеки Хан сарайы

Азербайжандын Шеки шаары тарыхый жана табигый кооздуктары менен туристтердин кызыгуусун арттырат.

25 Mart 2021 23:17

Тарыхый жана табигый кооздуктары менен таанымал Шеки шаары адатта чет элдик туристтер байма-бай каттап турчу жайлардын бири. Бул жылы пандемиядан улам шаарга чет жердиктер көп келбесе да жергиликтүү туристтер  үзгүлтүксүз каттап турушту.

Шаардагы тарыхый комплекстердин бири Шеки Хан сарайы

Тарыхый хан сарай жергиликтүү архитектурага мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү камтып, сарай архитектурасынын мыкты үлгүлөрүнүн бири деп эсептелет.

Сарай уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган.

Хан сарай жана шаардын тарыхый бөлүгү 2019-жылы Дүйнөлүк Мурас комитетинин 43-сессиясында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Хан сарайдын архитектурасы

Жогоруда айтылгандай хан сарай бир да мык колдонулбай курулган. Анын маңдайында жанаша өскөн 600 жылдык эки чынар дарагы бар.

Хан сарай эки кабаттуу. Алты бөлмөсү жана эки балкону бар. Тегерек чети чеп менен курчалган. 18-кылымда курулган сарайдын терезелери «шебеке» искусствосунун мыкты үлгүлөрү менен кооздолгон.

Хан-Сарайдын дубалдары түстүү саймалар менен кооздолгон. Андан сырткары ошол мезгилдеги манилүү окуяларды чагылдырган белгилерди жана мотивдерди кездештирүүгө болот.

Хан сарай туристтердин кызыгуусун жаратат

Азербайжан архитектурасынын эң мыкты үлгүлөрүнүн бири болгон Шеки Хан сарайы,  тарыхта, хандын жайкы турак жайы болгон. Хан кадырлуу меймандарын ушул сарайдан тосуп алып, кайра узатып турган. Бүгүнкү күндө болсо туристтердин кызыгуусун  жараткан жайга айланды.

«Балдар өз тарыхын билиши керек»

Хан сарай учурда жергиликтүү туристтердин кызыгуусун жаратууда. Анткени Азербайжандыктар «ар бир адам баласы өз тарыхын билиши керек" деп эсептешет.

Anahtar Kelimeler: Шеки Хан сарайы, Азербайжан, Шеки,

Жаңылыктар