Тарыхый Сулеймание конушу жаз мезгилинде өзгөчө көрккө бөлөндү

Гүмүшханедеги тарыхый Сүлеймание конушунда элдер байыртан эле отурукташа баштаган. Конушта түрктөр, армяндар жана гректер кылымдар бою чогуу жашагандыктан «толеранттуулуктун борбору» деп сыпатталган.

04 Mayıs 2022 13:17

Гүмүшханенин борборунан 3 чакырым алыс жайгашкан тарыхый Сулеймание конушу жаз мезгилинде өзгөчө көрккө бөлөндү. 

Түрктөр, армяндар жана гректер кылымдар бою чогуу жашагандыктан «толеранттуулуктун борбору» деп сыпатталган конушта көп сандагы тарыхый  баалуулуктар орун алган. Канча кылым өтсө да көрктүүлүгүн жоготпой, визуалдык эң сонун көрүнүштөрдү тартуулаган конушка келген меймандардын саны арбын.

Шаарда кылымдардан бери «күмүш» кени иштетилип келет. Ал, тарыхый мечити, мунаралары менен суктандырат.

Азыркы учурда конушту көрктөндүрүү иштери жүргүзүп, меймандар үчүн чакан мейманкана салынууда.

 

 

Жаңылыктар