Ташкент - Орто Азиядагы ири өнөр жай жана маданий борбор

Өзбекстандын борбору Ташкент кооз тарыхый-архитектуралык эстеликтерге бай шаар

03 Haziran 2022 20:42

Ташкент - Өзбекстандын борбору. Ошол эле учурда Ташкент облусунун административдик борбору.

Республикасынын түндүк-чыгышында, Чыйырчык дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан.

Азиядагы калкы көп шаарлардын бири. Калкы болжол менен 3 миллион.

Аянты 334,8 км.

Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жана илимий ири борбору.

Борбор Азиядагы эң ири өнөр жай жана мадайни борбор. Шаардын көчөлөрү кең, аянттары чоң, көчөлөрү таза.

Шаарда кооз тарыхый архитектуралык эстеликтер кездешет. Шейхантаур, Каффаль Шаши мавзолейлери, Тилла-Шейх мечити, Хазрет Имам мечити, Барак-хан, Кукелташ медреселери, Жунус-хан күмбөзү сакталган.

Ташкенттеги телемунара Борбордук Азиядагы эң бийик мунара. Күн сайын телемунарага жүздөгөн адамдар келип турат. Өзгөчө фотографтар жактырган жайлардын бири. Телемунара Ташкент шаарынын чок ортосунда жайгашкандыктан фотографтар анын үстүнө чыгып, тарыхый шаардын кооз сүрөттөрүн тартып, рахат алышат.

Ташкенттин борборунда жайгашкан Көз карандысыздык аянттын шаарга келген меймандар сөзсүз көрүүгө тийиш.

Ал эми 1977-жылы ачылган Ташкент метросу метросу дүйнөгө кооз бекеттери менен таанымал. Аны «жер алдындагы архитектуралык кооздук» деп атасак болот.

Метронун ар бир бекети өзүнчө искуство. Ар бир бекетке өз алдынча ысым ыйгарылып, ошого жараша кооздолуп, жасалгаланган. Көпчүлүк бекеттери маанилүү инсандардын атынан аталат.

Жаңылыктар