Ташкент шаарындагы Хаст Имам комплекси

Комплексте азрети Осмон доорунан калган ыйык Куран китеби сакталган.

03 Eylül 2021 22:45

Өзбекстандын борбору Ташкент шаары тарыхый жана маданий баалуулуктарга бай шаар. Алардын бири Хаст Имам комплекси. Комплексте Халифа Осмон доорунан калган ыйык Куран китеби сакталып калган.

Маалыматтарга караганда Халифа Осмон доорунда жазылган ыйык Куран китебин Эмир Тимур Ирактан Самаркандга алып келген. Өзбекстанга Кеңеш өкмөтү орногондон көп өтпөй, ыйык китеп, Россияга алынып кеткен. Куран китеби дин аалымдардын талабы боюнча 1926-жылы Өзбекстанга кайра алынып келинген.

Ташкенттеги Ыйык Куран китеби нин өлчөмү 53х68 см. 353 жалбырак.

Хаст-Имам комплексинде Барак Хан медресеси, Тилла Шейх мечити жана Азирети Имам мечити бар.

Anahtar Kelimeler: Хаст Имам комплекси, Өзбекстан,

Жаңылыктар