Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин жыйыны өттү

Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин жыйыны өттү.

20 Mayıs 2022 16:07

Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Индия, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын  спорт администрацияларынын жетекчилери, эл аралык эксперттер, жана ардактуу коноктор катышты.

Жыйында тараптар буга чейинки спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, Уюмга мүчө мамлекеттердин маданият жана спорт министрлеринин өткөн жолугушууларынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашты.

ШКУнун баш катчысы Янг Мин  спорт өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана өлкөлөрдү таанытууда маанилүү роль ойнорун баса белгиледи.

Жыйында биргелешкен спорттук иш-чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, ШКУнун спорт жаатындагы диалогундагы өнөктөштөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кызматташуу механизмдерин мындан ары өркүндөтүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Жыйындын соңунда “2022-2024-жылдары Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча” иш-чаралар планы кабыл алынды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин кийинки жыйыны 2023-жылы Индияда өтмөй болду.

 

Жаңылыктар