Ташяран капчыгайына барган меймандардын саны көбөйдү

Түркиянын Ушак районундагы Ташяран капчыгайында шаардын ызы-чуусунан алыс болуп, жаратылыштын койнунда эс алгысы келген меймандар арбыды.

06 Mayıs 2022 12:47

Ташяран капчыгайы Измир-Ушак автожолунун боюнда жайгашкан. Тоолордун арасында жайгашкандыктан ага жетүү бир аз кыйыныраак. Ушактын бейиши аталган Ташяран капчыгайына туризмдин бешиги десек болот.

Ушак жергесинде оорун алган Ташяран капчыгайы, жаратылышты сүйүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулаган өзгөчө кооз аймактардын бири.

Капчыгайда, нечендеген кылымдардан бери суу агып, аккан суу таштын түбүн оюп отурган да болуп көрбөгөндөй кооз кубулуш пайда болгон.

Жергиликтүү эл капчыгайды «ташты жарып кеткен жер»  деген мааниде  «ташяран» деп аташат.

Капчыгайда жай мезгилинде кайык менен сүзүп, жагымдуу эс алууга болот. Канаттуулардын, бакалардын үндөрү өзгөчө маанай тартуулайт. Ал эми кыш мезгилинде капчыгайдын кооздугу суктандырат.

Ташяран капчыгайы Токой жана суу иштери министрлигинин демилгеси менен жаратылш паркына айландырылган. Андан бери аймакка келген туристтердин саны көбөйдү.

Жаңылыктар