13

Татарстанда 13-Казан саммити өтүүдө.

Орусия Федерациясынын курамындагы Татарстан Республикасында Орусия жана Ислам өлкөлөрүнүн экономикалык өкүлдөрүнүн башын бириктирген «Орусия-Ислам дүйнөсү: Казан саммити 2022» өтүүдө.

20 Mayıs 2022 14:11

13-ирээт өткөрүлүп жаткан саммит Орусия менен Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.

Саммитке эл аралык уюмдардын, коомдук жана каржы институттарынын өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери, саясатчылар, инвесторлор жана ишкерлер катышууда.

Самиттин бул жылкы темасы «экономиканы бөлүшүү жана халал түшүнүгү». Саммитте исламдык каржылоо жана биргелешкен банк иштери, халал индустриясы, жаштар дипломатиясы, экспортту өнүктүрүү, ишкердик жана инвестиция талкууланууда.

Саммит алкагында  «Russia Halal Expo 2022» көргөзмөсү, «Машина жасоо кластердик форуму» өткөрүлөт.

Жаңылыктар