Татарстанда Нооруз шаңы

Татарстандын борбору Казан шаарында жаздын жарчысы Нооруз майрамы белгиленди.

25 Mart 2021 11:52

Татарстан элдеринин достугу ассамблеясы Нооруз майрамына карата борбор калаа Казан шаарындагы ипподоромдун алдында ар улуттун катышуусу менен көргөзмө-жарманке өткөрдү.

Жарманкеде чатырчалар тигилип, түрк дүйнөсүнүн 11 өлкөсүнүн Татарстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, анын ичинде Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын Татарстандагы башкы консулдары катышты.

Ар улут өздөрүнүн улуттук тамак-ашын, кийим-кечесин, экологиялык таза азык-түлүктөрүн жана колго жасалган буюмдарын коюшту. Мындан сырткары өз өнөрлөрүн тартуулап, улуттук ыр-бийлерин аткарышты.

Иш-чара алкагында «Нооруз сулуусу» жана «Нооруз баатыры» аныкталып, «палоо» фестивалы уюштурулду. Палоону даамдуу кылып басып, 1-орунга ээ болгон команда тай казан утуп алды.  

 

Anahtar Kelimeler: Татарстан, Нооруз, , Казан шаары,

Жаңылыктар