Тажикстандын парламенти аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берди

Тажикстан парламенти Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап, макулдук берди.

07 Ocak 2022 14:43

Тажикстан парламенти Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн курамында тажик аскерлерин Казакстанга жөнө маселесин талкуулады. Анын жыйынтыгында депутаттар Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү колдоду.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Тажикстандан Казакстанга 200 аскер бара турган болду. 

Белгилей кетсек кечээ күнү президент Эмомали Рахман өлкөсүнүн союздук милдеттенмелерин аткаруу үчүн Казакстанга жөнөтүлө турган ЖККУнун Тынчтык күчтөрү механизмине катышууга даяр экендиктерин билдирген.

Казакстандагы кырдаал

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келген. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланган.

Токаев Казакстандагы абалды "мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу" деп атап, ЖККУга "террордук коркунучту жеңүүгө" жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Күчтөр өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында чектелген мөөнөткө жөнөтүлөт.

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бул эң маанилүү маселе КМШнын алты мамлекетинин - Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башчылары 1992-ж. 15-мартта ЖККУ кол коюшкандыгынын аркасында чечилген. Ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаң тынчтык каражаттары менен чечүүгө милдеттенишкен. 

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан,

Жаңылыктар