Тбилисидеги жайма базар

Грузиянын борбору Тбилисидеги жайма базар жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тартып турган өзгөчө жай

25 Şubat 2022 21:07

Жайма базар Грузиянын борбору Тбилисини кесип өткөн Кургак көпүрөнүн (Сухой мост) үстүндө курулат.  Базарда зарыл нерселер, чарбалык керектөөлөр сатылат. Базарга сатып алуучулар да көп каттайт. Ар кандай сувенирдик буюмдар сатылгандыктан жергиликтүү тургундардын гана эмес, чет өлкөлүк туристтердин сүймөнчүгүнө айланган.

Базардан фарфордон жасалган идиш-аяктарды, Советтик мезгилге таандык медалдарды, аскердик кийимдерди, оюнчуктарды, Ленин менен Сталиндин портреттерин, аккордеон, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарды жана сүрөттөрдү сатып алууга болот.

Anahtar Kelimeler: жайма базар, Тбилиси, Грузия,

Жаңылыктар