Теңир-Тоо койнундагы Нарын шаары

Абасы кымыз жыттанып, ак мөңгү кемер курчанган Нарын шаары жаратылышынын кооздугу менен туристтерди өзүнө тартып келет.

05 Haziran 2021 00:21

Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер болгон. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

Нарын - туш тарабынан тоолор менен курчалган туюк жана чакан шаар. Кууш өрөөндө орун алып, шаардын чок ортосунан айтылуу Нарын дарыясы агып өтөт.

Чар тарабы тоолор менен курчалгандыктан бир гана негизги көчөсү бар. Негизги көчөдө, мамлекекттик имараттар, парктар, музейлер, кино-театрлар, мейманканалар, үлпөт залдары жа кафе ресторандар орун алып, шаардын чок ортосунда борбордук аянт жайгашкан.

Нарын облусунун булуң-бурчу өзүнчө ажайып кооз. Аймакка келген туристтер асман тиреген аска-зоолору, жаратылышы, көлдөрү, кенен жайлоолору, Ат-Башын балы, таза абасы, даамдуу эттери, тарыхый жайлары жана меймандос эли менен суктанып кетишет. Кышкысын муз тээп, жайкысын салкын жайлоолорунда эс алып, кымыз ичүүнү каалагандар көп.

Anahtar Kelimeler: Нарын, Кыргызстан, Теңир-Тоо,

Жаңылыктар